super.kg logo

Чүйдө эки айылдын өспүрүмдөрү массалык түрдө мушташты

 

Чүй облусунун Кайыңды шаарчасында массалык мушташка катышкандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 27-декабрь күнү саат 01:47де Панфилов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кайыңды шаарында массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барганда, Жуматаев көчөсүндө Кайыңды шаары менен Панфиловка айылынын өспүрүмдөрүнүн ортосунда пневматикалык курал колдонуу менен массалык мушташ болгону аныкталган.Массалык мушташуунун натыйжасында катышуучулардын 2005-жылы туулган П.Р аттуу жаран сабалып, уюлдук телефону жоголгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында массалык мушташуунун бардык катышуучулары аныкталган. Алар Кайыңды шаарынын жана Панфиловка айылынын 2001-2005-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөрү болуп чыкты. Алар милицияга жеткирилип, андан тышкары окуя болгон жерден пневматикалык тапанчалар алынган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран 2002-жылы туулган А.У. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөнүн жыйынтыгы менен массалык мушташтын катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: