super.kg logo
  Саясат  

Айбек Осмонов: "Тажикстандан качып келген кыргыздар кордолуп жатат"

 

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда ал жактан качып келген кыргыздардын укугу корголбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Айбек Осмонов билдирди.

"Бизде качкындарды кабыл алуу жана аларга шарттарды түзүп берүүнү камсыздаган "Качкындар жөнүндө" мыйзам бар. Мен караштырып көрдүм, бир дагы министрлик бул жаатта иш алып барбайт экен. Тажик тараптын кол салуусунда Тажикстандан улуту кыргыз, бирок жарандыгы тажик болгон адамдар биздин өлкөгө качып кирген.

Азыр ошолордон кайрылуулар көп түшүп жатат. Кыргызды кыргыз коргобосо, башка ким коргойт? Тескерисинче, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга иш козгоп, айып пул салып кыйнап жатыптыр. Азыркы тапта Ысык-Ата районунда убактылуу баш калкалап жатышыптыр, арасында өспүрүм балдар да бар экен. Алардын укугун ким коргойт? Прокуратура тарабынан аларга иш козголуп, тескерисинче кыргызды кыргыз кордоп жатат. Тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берип, ушул маселени карап койсок", - деди Осмонов.

Жогору Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча тиешелүү комитетке протоколдук тапшырма берди.






Жогорку Кеңеш 29.12.22

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: