super.kg logo

"Жерге көмүп койгон". Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн 62 килограмм баңгизат табылды

 

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 62 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу 29-декабрда Ички иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына баңги каражаттарын жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн адамдарга карата атайын ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.

10-декабрда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы үйлөрдүн бирин тинтүү учурунда кара куурайдын өзгөчө жыты бар кара-жашыл түстөгү өсүмдүк заты салынган боз түстөгү мүшөктөр жана үйдүн короосундагы жер астынан кызматтык-издөөчү иттердин жардамы менен болжол менен 500 литрлик пластик канистр табылган.

"ИИМдин криминалисттик кызматынын корутундусуна ылайык, алынган зат таза салмагы 62 килограмм 415 грамм болгон “марихуана” баңги каражаты болуп саналат. Бул кылмыш ишинин алкагында 1964-жылы туулган Э.К. аттуу жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






Видео: ИИМ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: