super.kg logo

Пеленин сөөгү өзү сатып алган көрүстөнгө коюлат

 

Тарыхта дүйнөнүн жалгыз үч жолку футбол чемпиону Пеленин сөөгү Бразилиянын Сантос шаарында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген көрүстөнгө коюлат. Аталган көрүстөн 30дан ашуун кабаттан турат.

Чет элдик маалымат булактары жазгандай, футболчу ал жерден 19 жыл мурун жер сатып алган. Ал өзүнүн тандоосун бул жер ага көрүстөндөй көрүнбөгөнүн, болгону тынчтык жана бейпилдик сезимин билдирген жайдай сезилгени менен түшүндүргөн. Көрүстөнгө футболчунун жакындары жана досторунун сөөгү да коюлган.

Ал эми маркумду акыркы сапарга узатуу аземине үй-бүлөсү жана жакын достору гана катышат.

Эске салсак, кечээ, 29-декабрда Пеле 82 жашында каза болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдарында футбол падышасы ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө туш болгон, атап айтканда, ага жоон ичеги шишиги деген диагноз коюлган.

26-декабрда интернет айдыңында Пелени акыркы сапарга узатуу үчүн даярдык көрүлүп жаткан видео тараган.

Белгилей кетсек, ал рак илдети менен ооруп келген жана соңку бир айга жакын убакыттан бери ооруканада жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: