Майлуу-Сууда 34 жаштагы келин балатыны өрттөп салды
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 34 жаштагы келин Жаңы жылдык балатыны өрттөп салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, келин балатыны бүгүн, 30-декабрда таңкы саат 07:00 чамасында өрттөп салган. Балатынын бийиктиги 5 метр болгон.
Бул окуяга шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 34 жаштагы тургуну кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кичинесинде аяз ата келет деп күткөнүн, бул жалган экенин, эл дагы буга ишенбесин деген таризде өрттөп жибергенин билдирген.
Учурда келтирилген чыгым такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.