super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту. Талкууланган маселелер

 

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы жаңы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы элчинин Ишеним грамотасын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

"Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШ менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгилеп, Лесли Вигеринин бай дипломатиялык тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде Элчи Лесли Вигери эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.

Тараптар көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: