Чүйдө 21 жаштагы жаран баасы 220 миң доллар турган баңгизат менен кармалды (видео)
Чүйдө 21 жаштагы жаран баасы 220 миң доллар турган 15 килограммга жакын героин менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, баңгизат ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана облустук милиция тарабынан Бишкектин чет жакасындагы конуштардын биринен табылган.
"2001-жылы туулган А.О. аттуу жарандан 15 баштык алынган. Аны таразага тартканда 14 килограмм 950 грамм чыкты. Экспертиза баштыкта героин болгонун аныктады. Алынган героиндин көмүскө базардагы баасы 220 миң доллардан ашат", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул кылмышка тиешеси барларды аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.
Видео: Чүй ОИИББ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
XATSAN125

03.01.2023. 02:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын уюштурулган иш
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.