Президент тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча жарлыкка кол койду
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү камсыз кылууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда президенттин маалымат кызматынан кабарлады.— республикалык жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагында жаңы музей мекемелерин түзүү;
— эл аралык стандарттарга ылайык археология эстеликтерин консервациялоону, реставрациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен археологиялык казууларды жана изилдөө иштерин жүргүзүүдө иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
— жергиликтүү деңгээлде тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча иштерди күчөтүү;
— тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана пайдалануу боюнча мекемелердин материалдык-техникалык базасын алардын илимий, методикалык жана кадрдык ишин өркүндөтүү менен жакшыртуу жана өнүктүрүү;
— Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнү жана популярдаштырууну караган предметтерди бардык деңгээлдерде билим берүү мекемелеринин окуу программаларына киргизүү;
— маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууну, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды (металл издегичтер, металл детекторлор, радарлар, магниттик жана башка электрондук приборлор) колдонуу, жүгүртүү эрежелерин жөнгө салуу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















