super.kg logo

"Аппак кар, ыр, бий..." Бишкекте Жаңы жылдык майрамдык кече кызуу уланып жатат (фото, видео)

 

Бүгүн, 31-декабрда Бишкек шаарында Жаңы жыл майрамына карата концерттик программа тартууланып жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, калаа тургундары жана коноктору үчүн уюштурулган кеченин алкагында маданият өкүлдөрү тарабынан жаңы жылдык маанай тартууланууда. Алардын катарында Динара Акулова, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека жана башкалар бар. Концерттик программа саат 19:00дө башталган.

Жаңы жылдык иш-чара саат 00:00дө жаңы 2023-жылды тосуу жана майрамдык фейерверк менен аяктайт.

Мэриядан кошумчалашкандай, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн автобус, троллейбус каттамдары саат 01:00гө чейин иштейт.

Ал эми Бишкек шаардык милициясынын 1000дей кызматкери шаардыктардын коопсуздугун камсыздап жатса, жоголгон баланы издөөгө өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көмөктөшүп жатышат.

Майрамдык иш-чара өтө турган жерде тез жардам жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турушат.






Бишкекте Жаңы жылдык майрамдык кече кызуу уланып жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: