super.kg logo

Президент кыргызстандыктарды 2023-жаңы жылы менен Баткенден куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2023-жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Саналуу мүнөттөрдөн кийин жалпыбыз дагы бир жылды карытып, жаңы 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Ким болбосун, ар бир адам, ар бир үй-бүлө жүрөк толкуткан мындай ирмемдерде узап бараткан жылга бир кылчая сереп салып, келе жаткан жылдан үмүт арта аруу тилектерди айтып, жаңы максаттарды белгилейт.

2022-жылы Сиздер менен чогуу кыйла ийгиликтерге күбө болуп, маңдайыбыз жарыла кубанган, жаркын келечекке улуу үмүт менен караган учурларыбыз арбын болду.

Тилекке каршы, ошону менен бирге Мекен чеги башталган Баткен жергебизде кейиштүү окуялар кайталанып, кабыргабыз кайышты. Үч миң жыл ичинде өз башынан нечен-нечен тарыхый сыноолорду кечирген түптүү кыргыз элинин урпактары катары биз, кыргызстандыктар, бул жолу да биримдик менен сабырдуулукту көрсөтүп, жазмыштын жакшысын да, жаманын да көтөрдүк! Мына ошондуктан мен быйыл Кыргызстандын жүрөгүнө айланган касиеттүү Баткен жергесинен туруп, жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоону туура көрдүм!

Кадырлуу калайык-калк!

Кыйын кезеңде “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, намыска бек турган кыргыз элибизден айланып кетсе болот, ошондуктан жумурай журтка терең ыраазычылыгымды билдиремин!

Кыргызстандын бүтүндүгүн сактаган, Мекен чегин тайманбай коргогон эр жүрөк уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, уулун “Мекендин укум жери үчүн туруп бер!” деп тарбиялаган нарктуу аталарга башымды ийип, таазим кыламын!

Ата Журту үчүн ажалга жалтанбай тике караган баатыр уулдарыбыздын жаркын элестерин, укум жер үчүн өлүмдөн коркпой жанын берген эрдиктерин эч качан, эч качан унутпайбыз!

Учурда Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоо –улуттук эң башкы маселелердин бири. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз!

Ар түрдүү себептерден улам учурунда чечилбей, акыры түбү кейиштүү кесепеттерге алып келген чек ара маселесин биротоло чечүү үчүн бардык жоопкерчиликти моюнубузга алып, чечкиндүү турабыз. Бизден кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз!".






Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2023-жаңы жылы менен куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.01.2023. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтканыныз кабыл болсун мистер президент
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: