Бишкектеги майрамдык салтанат фейерверк менен жыйынтыкталды
Бишкек шаарында Жаңы жыл майрамдык салтанат фейерверк менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу чоң экрандан көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында шаар тургундарын жана конокторун калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров куттуктап, жаңы жылда жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалады.
Белгиленгендей, калаа тургундары жана коноктору үчүн уюштурулган кеченин алкагында маданият өкүлдөрү тарабынан жаңы жылдык маанай тартууланды. Алардын катарында Динара Акулова, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека, Омар жана башкалар болду.
Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылдык фейерверк үчүн 750 миң сом сарптай турганы айтылган.
Бишкектеги майрамдык салтанат фейерверк менен жыйынтыкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.