Сталбек Дарканбаевдин катышуусундагы рейтингдик беттеш орун албай калды

Кикбоксчу Сталбек Дарканбаевдин катышуусундагы рейтингдик беттеш болбой калды. Бул тууралуу кикбоксчу бүгүн, 9-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында беттеш 20-декабрда орун алмак. “Голландиялык кикбоксчу менен профессионалдык рингде рейтингдик беттеште жолукмакмын. Бирок белгисиз себептер менен беттеш болбой калганын айтышты” деп билдирди ал.
Андан тышкары ал Түркияда аяктаган Дүйнө чемпиондугу спортчу үчүн 2013-жылдын эсебинен акыркы мелдеш болгонун кошумчалады. “Мен Түркиядагы мелдеште байгелүү орунга жетише алган жокмун. Чүчү кулакта оор атаандашка түшүп, мелдештин чейрек финалында упай эсебинде жеңилдим” дейт кикбоксчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.