super.kg logo

Бишкекте инклюзивдик билим берүү борборунда сабалган баланын окуясын милиция текшерүүдө

 
Бишкекте бакчада баланын сабалган окуясы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 3-январь күнү интернетке Бишкектеги жеке бала бакчалардын биринде баланы аял сабап жаткан видео тараган.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ошол эле учурда тиешелүү экспертизалар да дайындалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган окуя 5-кичи райондо жайгашкан инклюзивдик билим берүү борборлорунун биринде болгондугу аныкталган.
Ал эми сабалган М.Н. аттуу бала экени такталды. Ал аталган борборго 2022-жылдын август айынан тарта барып жүргөнү белгилүү болду.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.





Бишкекте инклюзивдик билим берүү борборунда сабалган баланын окуясын милиция текшерүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.01.2023. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта, кандай таш боор адамдар? Озун ошентип кармап уруш керек. Бала шоктонот, ойнойт. Озунун тынчтыгын ойлоп ошол ишке барып жатат. Андай адамдарды иштен кетируу керек. Канча баланы уруп жургон кудай билет. Жаш балдарды Аллахым озун сакта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: