Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Катар кубогунда алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Катар кубогу эл аралык турниринде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынан билдиришти.
Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешке чыкты.
Кечээ бул турнирде кыргызстандык дагы бир оор атлетчи Эмил Молдодосов күмүш медаль уткан болчу.
Турнир ушул тапта Доха шаарында өтүп жатат. Анда Кыргызстандын намысын Эмил Молдодосов менен Бекдөөлөт Расулбеков коргоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.