super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду өзбекстандык футболчудан 7-номурду тартып алдыбы? Футболчу өзү билдирүү жасады

 

Сауд Арабиянын "Аль-Насср" клубунун футболчусу Жалалиддин Машарипов команданын жаңы оюнчусу Криштиану Роналду клубдагы жетинчи номурун тартып алганы тууралуу маалыматка комментарий берди. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Буга чейин маалымат каражаттарында Машарипов атактуу португалиялык оюнчуга өзүнүн клубдагы номурун бергиси келбегендиктен "Аль-Нассрдын" резервдик командасына которулганы тууралуу маалымат чыккан. Клуб өзбекстандык футболчу менен келишимди буза тургандыгы тууралуу дагы маалымат тараган.

Бирок футболчунун өзүнүн айтымында, жетинчи номурду Роналдуга берүүнү каалабаганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

"Социалдык тармактардагы билдирүүлөрүм тамаша болчу. Мени жакындан тааныгандар муну дароо түшүнүштү. Менин келечектеги пландарым кандай? "Аль Нассрда" калып, Роналдудан көп нерсени үйрөнүү. Ал биздин замандын мыкты футболчуларынын бири. Криштиану Роналдудан үйрөнө турган нерсе көп", - деген өзбекстандык футболчу.

Өзбекстандык футболчу трансфер болордон мурун эле 7-номурду бошотуп берген. Азыр ал "Аль-Насср" клубунда 77-номурда ойноп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.01.2023. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рональдо 7 эмес 1ден 10 чейин меники десе да ,баары макул болот ко.1ден 10го чейинки футболистерин жокко деле чыгарып койсо керек.хотя бы 5оосун дейин.Жакшы 7 номерди эле сураптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: