Өзбекстанда эркек киши аялын бычактап, 5 айлык баласын муунтуп өлтүрдү
Коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында 29 жаштагы жаран аялын бычактап, андан кийин өзүнүн 5 айлык баласын муунтуп өлтүрүп салды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя декабрдын аягында болгон. Анда 29 жаштагы жаран 22 жаштагы аялы менен уруша кеткенден кийин ага бычак сайган. Аялы каза болгонун билгенден кийин ал беш айлык баласын муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн жанын кыйган.
Каза болгондордун сөөктөрү 24-декабрга караган түнү табылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.