Бишкекте 21 жаштагы кызды ала качууга шектүүлөр кармалды
Бишкек шаарында үйлөнүү үчүн 21 жаштагы кызды ала качууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 27-декабрында милиция кызматкерлерине 21 жаштагы К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал эки жигит муз аянтчасынан үйүнө жеткиребиз деп убада берип, бирок ала качып кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.Ч. жана 1992-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар кармалды.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ekb92

06.01.2023. 21:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала качканда эмне максат менен алып качыштын, уйлонуу максатында болсо, бул более менее, ошондо да кыздан Бир ооз сурап жигитин барбы жокбу, тийишке ыраасынбы деп сурап хотя так если Кыз отказ кылсада, анан башка ойдо алып качкан болсон реальна тогда уголовное дело ачыш керек силерге, тынч эле жашап эле журсонор болотда.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.