super.kg logo
  Саясат  

“Замандаш-Современник” партиясынын жетекчилиги алмашты

 
Оңдон солго Кумар Стамкулов,Садык Шер-Нияз,Эмил Өмүракунов,Сапар Асанов,Таалай Сагынов,Станислав Епифанцев

“Замандаш-Современник” саясий партиясынын жетекчилиги алмашты. Буга чейин партиянын теңтөрагалык кызматын аркалап келишкен Садык Шер-Нияз менен Эмил Өмүракунов орундарын башкаларга өткөрүп беришти. Бул туурасында аталган партиянын басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.  

Маалыматка караганда, мындан ары партияны беш тең төрага башкарат. Мындай чечим 6-декабрда өткөн партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алыныптыр. 

Жакында эле энергетика жана өнөр жай министринин орун басарлыгынан кеткен Сапар Асанов, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Таалай Сагынов менен Станислав Епифанцев жана Кумар Стамкуловдор “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тең төрагалык кызматына шайланышты. Ал эми бешинчи тең төрагалыкка орун азырынча бош. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: