super.kg logo

Талибдер британ ханзаадасы Гарринин Ооганстанда 25 адам өлтүргөнүнө реакция жасады

 

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри Ооганстанда кызмат өтөп жүргөндө жасаган адам өлтүрүүлөрү тууралуу айтканы үчүн сот жообуна тартылышы керек. Бул тууралуу Талибан кыймылынын жогорку даражалуу өкүлү Анас Хакани социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Гарри! Сен өлтүргөндөр шахмат фигуралары эмес, адамдар эле. Алардын кайтып келишин күтүп жаткан үй-бүлөлөрү бар болчу. Оогандыктарды өлтүргөндөрдүн арасында абийирин ачып, согуш кылмыштарын моюнуна алган адам көп эмес", - деп жазган Хаккани.

Буга чейин ханзаада Гарри Ооганстанда аскердик кызмат өтөп жүргөндө 25 кишини өлтүргөнүн моюнуна алган. Ошондой эле ал бул кылганына өкүнбөй тургандыгын билдирген.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: