super.kg logo

Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири киши сабоого шектелип кармалды

 
Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Чолпон-Ата шаарынан белгисиз адамдар сабап кеткен 35 жаштагы жаран жеткирилгенден кийин туугандары милицияга арыз жазды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, жабырлануучунун туугандары милициядан бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп, күнөөкөрлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышкан.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.
"Издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Ысык-Көл районунун 1989-жылы туулган Н.С. аттуу тургуну кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Камчы Асанбектин (Кольбаев) жакын адамдарынын бири", - деп билдиришти ИИМден.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун токтому менен аны эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Тергөө амалдары жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: