super.kg logo

Кочкордо 100 гектардан ашык жайыт жерди жеке жактарга берип жиберген жаран кармалды

 

Нарындын Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси А.О. документтерди жасалмалоого шектүү катары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Теңдик айылынын тургундарынын социалдык тармак аркылуу кайрылуусуна байланыштуу ички иштер органдары текшерүүнү баштаган. Анда айылдын аксакалдары жер мыйзамын бузуу фактылары боюнча маалымат беришип, ички иштер органдарына мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Аталган факты боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тергөө кызматына 38 жаштагы А.О. аттуу жаран жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси болуп туруп аталган айылдын С.К., Ж.Б. жана А.Ы. аттуу үч тургунуна Кара-Жылга участкасынан жалпы аянты 100 гектардан ашык (ар бири 35 гектардан) жайыт жерлерин өткөрүп берген.

Аталган тилкедеги жайыттар 2022-жылдын февраль айында бир жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, бирок бир дагы гектарга тиешелүү каражат төлөнбөстөн келишимдер түзүлгөн. Тергөөчүлөр документтердин жасалма белгилерин байкашкан.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 105 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (“Документтерди жасалмалоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, А.О. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин соттун чечими менен ага карата бөгөт чарасы – үй камагы тандалган.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: