super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "4 балама жөлөк пул себепсиз берилбей жатат" дейт окурман

 

Азыркы учурда 4 балама жөлөк пул берилбей жатат. Аталган билдирүүнү Бишкек шаарынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Окурман билдиргендей, ал учурда Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жашайт.

"4 балам бар. Эң улуусу 12 жашта, кичүүсү 1 жарым жашта. Жолдошум иштебейт. Жөлөк пулга документ тапшыру үчүн Сокулуктагы социалдык коргоо башкармалыгына бардым. Жолдошуңузга жумуш таап беребиз, иштейт дешти. Бирок кандай жумуш, маянасы тууралуу маалымат жок.

Унаабыз же бизнесибиз жок. Балдардын майда-чүйдө керектөөлөрүнө жарап калабы деген ой менен аракет кылып жатам. Майнап чыкпай келүүдө", - дейт окурман.

Белгилей өтсөк, өлкөдө 2022-жылдын 1-июндан тартып "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун суммасы 810 сомдон 1 миң 200 сомго көбөйтүлгөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.01.2023. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле,жолдошуна иш таап берсе иштеп силерди баксын уйдо жатпай окмотко догурунуп.Жалгыз бой аялдар да алалбай журот даже.
11.01.2023. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени да бугун жолок пул алганы справка алганы айыл окмотко барсам справка бербей койду жашаган уйуму камсыздандырууга 630.с токсом анан справка беришет экен. Озум 1.чи топтогу инвалидмин келинчегим эч жерде иштебейт ушундай нерселерди караштырып койсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: