super.kg logo

ИИМ митингге чыккандар эмне себептен кармалганын айтты

 

Бүгүн, 10-январда кармалган активисттерди, блогерлерди жана саясатчыларды колдоо боюнча митингге чыккандардын ичинен 27 адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экендиги жөнүндө бир нече жолу эскертилген, бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан. Жыйынтыгында Биринчи май райондук ИИБге 27 адам жеткирилди", - деп билдиришти ички иштер министрлигинен.

Жагдай аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесине (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт.

Бүгүн, 10-январда Кемпир-Абад боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен ички иштер министрлигинин алдында митинг өткөн. Анда милиция митингге чыккандардын айрымдарын кармап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: