super.kg logo

Талас шаарынын вице-мэри кармалды (фото)

 

Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Талас мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мэриянын кызматкерлери алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, акчалай сыйлыктар үчүн муниципалдык жер тилкелерин айрым жеке ишкердик жүргүзгөн субъекттерге сүйлөшүү жолу менен берип, ижара акысынын баасын төмөндөтүп берип жиберишкен. Жыйынтыгында жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен жана түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан.

"Жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй коюу түрүндө мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандарга карата баш коргоо чарасын тандоо каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.01.2023. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камап жон койбой, конфискация имущества кылыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: