Талибдер аялдардын соода борборлордо иштешине тыюу салды
Талибдер аялдардын соода борборлордо иштешине тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Аталган өлкөдө аялдардын сулуулук салондорун жаап салуу үчүн 10 күндүк убакыт берилди.
Буга чейин "Талибан" өлкөнүн аймагында иш алып барган эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарга кыз-келиндерди жумушка алууга болбойт деген шартын койгон.
Мындан сырткары Ооганстандагы жогорку окуу жайларда студент кыздардын билим алуусун токтотуу чечимин кабыл алган. Өкмөт кыздардын светтик ЖОЖдордо окушу исламга каршы келерин айтып түшүндүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.