super.kg logo

Талибдер эми аялдар үчүн сулуулук салондорун жапканы жатат

 

Талибан кыймылынын жетекчилиги Ооганстанда аялдар үчүн сулуулук салондорун жабууга буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн талибдер түзгөн убактылуу өкмөтү он күндүк мөөнөт белгилеген, андан кийин аялдар үчүн сулуулук салондору жабылышы керек. Ошондой эле кыздарга соода борборлорунда иштөөгө тыюу салынары дагы айтылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Ооганстанда аялдарга жогорку окуу жайдан билим алууга тыюу салынган.

Талибан кыймылы 2021-жылы Ооганстанда бийликке келип, аялдардын укуктарын чектебөөгө убада берген. Ошондон бери аталган өлкөдө аялдарга мектепте жана жогорку окуу жайда билим алууга, бир катар тармактарда иштөөгө, эркектердин коштоосуз коомдук жайларга баруусуна тыюу салынган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.01.2023. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес жапайсылык.
12.01.2023. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин кее бир адамдарды уй булосу менен талибдерге бекер эле берип салыш керек усиуно акча кошуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: