super.kg logo
  Спорт  

"Арабдар шок". Криштиану Роналду командалаштарына мастер-класс көрсөттү

 

Португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду "Аль Наср" клубундагы машыгуу учурунда командалаштарын таң калтырды жана күйөрмандар футболчунун жаңы клубдагы дебютун күтүп жатышат.

37 жаштагы чабуулчу сауд арабиялык клуб үчүн алгачкы беттешине даярданууда жана машыгууда өзүнүн укмуштуудай секирүүсүн көрсөттү. Кээ бир командалаштары жылдыздын чеберчилик деңгээлине даяр эмес болчу.

Клубдун социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланган бул сүрөт 2 миллионго жакын "жакты" белгисине ээ болуп, комментарийлерде күйөрмандар окумуштууларды оюнчунун феноменалдык жөндөмүн изилдөөгө үндөшкөн.

"CR7 аба мейкиндигине кош келиңиз";

"Месси менен беттешти күтүп жатканда";

"Даярдангыла, дүйнөдөгү эң мыкты футболчу кайтып келди";

"Жанындагы оюнчулар футболду жөн гана сыналгыдан көрүп жатышат";

"Арабдар нес абалда", деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырышкан.

Футболчу 2022-жылдын 22-ноябрында "Манчестер Юнайтед" клубу менен келишим токтогонун расмий жарыялаган. 2022-жылдын аягында Криштиану Роналду сауд арабиялык "Аль-Наср" клубу менен келишим түзгөн болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: