Кабулда жанкечти министрликтин жанынан өзүн жардырып жиберди. 21 адам каза болду
Кабулда Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын кире беришинин жанында жарылуу болду. Жарылуудан кеминде 21 адам каза болгонун Ооганстандын бир нече телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, жардырууну жанкечти жасаган. Окуя кечээ, 11-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:40та болгон. Анда жанкечти министрликтин имаратынын ичине кирүүгө аракет кылган. Аны коопсуздук кызматы токтоткондо ал өзүн жардырып жиберген.
Жардыруудан 21 адам, анын ичинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жана Маданият министрлигинин кызматкерлери каза болгон. Маалымат каражаттары дагы үч талиб өлгөнүн кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.