super.kg logo
  Саясат  

Беларусь: Курманбек Бакиев хан сарай салдырып жатат

 

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев Беларуста 2 кабаттуу хан сарай салдырып жатат. Муну беларустук маалымат булактары жарыялашты. Хан сарай (сүрөттө) супер престиждүү делген аймакка курулуп жатат. Төмөндө өз иштери менен алек болуп жаткан куруучулар менен журналисттин кыскача маеги:

Журналист: Бул үйдүн кожоюну менен кантип сүйлөшсөм болот, айта аласызбы?  

Куруучу: Ой, бул оңой эмес. Ал жок азыр, бардык маселени прораб чечет.

Ж: - Кожоюн өзү качан келет?

К: - Кээде гана келет. Жан сакчылары менен.  

Ж: - Кожоюн тараптан кимдир бирөө силердин ишиңерди көзөмөлдөсө керек?

К:  - Кожойке. Ал да айына бир жолу гана келет. Жипте, ал да жалгыз келбейт.

Ж: - А силер кимге үй куруп жатканыңарды билесиңерби?

К: - Бакиевге куруп жатабыз. Ушуну гана сизге айткан жокпуз, эмне болгон күндө да пресса... 

Ж: - Бул жерде иш көптөн бери жүрүп жатабы?  

К: - Көп эле болуп калды.

Айта кетсек, сүйлөшүү сунушу менен кайрылган журналистке прораб "жок" деп жооп бергени айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: