super.kg logo

Маматалиев: "100 миң сомдук Тико унаасы 500 миң сомго чыкты"

 

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Кыргызстандагы унаалар боюнча маселени көтөрдү.

Депутат 2020-жылдан баштап бажы чени кескин түрдө кымбаттаганын, Кыргызстанга кирген унааларга бажы пошлинасынын баасын төмөндөтүү керектигин айтты.

"Бүгүнкү күнү кризисис болуп жатат. Орусиядан унаа заводдору кетип калып, алар керек болсо бизден алып кетип жатышат. Унаа бул керектүү нерсе, үй-бүлөнү бага турган нерсе. Жөнөкөй эле 100 миң сом турган Тико унаасы азыр 500 миңге чыкты. Оң рулдуу унааларга уруксат бербей жатасыздарбы, анда сол рулдууларга бажы пошлинасын жеңилдетип бергенге сураналы. Бул жөнөкөй элге эле керек, байлар өздөрү эле алып келип алат", - деди Маматалиев.






Жогорку Кеңеш 12.01.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: