super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров Башкы прокурордун орун басары тууралуу: "Ушундай сабатсыздар менен кайда барабыз?"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жыйында мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши тууралуу маселени кайрадан көтөрдү.

Мадумаров Башкы прокурордун орун басарын сынга алып, иштеп жаткан мыйзамды Башкы прокурордун орун басары жок дегенин кескин сындады.

"Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча ким жоопко тартылды?" деп суроону койдум. Кезинде ал боюнча Башкы прокуратура 7 кылмыш иши козголгонун билдирген. Эч нерсе болгон жок, Башкы прокурор кызматынан убактылуу четтетилди. Андан кийин экөө табышкан сыяктуу болду, Башкы прокурор кызматына келди, ал киши жоопкерчиликтен кутулду. Мен ушул суроону койдум, ким жоопкерчиликке тартылды.

Экинчиден ошол Башкы прокурордун орун басарынын ушунчалык сабатсыздыгы. Башкы прокурор гана сотторго, депутаттарга, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларына жана мүчөлөрүнө Башкы прокурор гана козгой алат десем "Андай мыйзам жок" деди. Ушундай кадрлар менен кайда барабыз?

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө мыйзам бул конституциялык мыйзам. Ушул мыйзамды ошол азамат жок деп жарыя кылып жатат. Ал кийин кантип иштейт? Мыйзамдардын аткарылышын кантип көзөмөлдөйт?", - деди Адахан Мадумаров.






Жогорку Кеңеш 12.01.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: