super.kg logo

Киевде казакстандыктар Украинадагы эң чоң боз үйдү тигип баштады (фото)

 

Украинанын борбору Киев шаарында Украинадагы эң чоң боз үй тигилип баштады. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тигилип жаткан боз үйдүн аянты 63, 6 чарчы метрди түзөт. Боз үй Шевченко паркында казакстандык ишкерлер менен ыктыярчылардын каражатына орнотулуп жатат.

"Киевде тигилип жаткан боз үй Украинанын бардык шаарларынын ичинен эң чоң боз үй болот, ал 16 канаттан турат. Боз үйдүн расмий ачылыш ишемби күнү болжол менен саат 14:00дө болот", - деген ыктыярчылардын бири.

Бул Украинадагы экинчи "бузулбас боз үй". Биринчиси өткөн аптада Киев облусунун Буча шаарында пайда болгон. Жалпысынан казакстандыктар алты боз үй тапшырышкан. Аларды Черкассы, Одесса жана Харьковдо орнотуу пландаштырылууда. Боз үйлөр электр жарыгы өчүрүлгөндө украиндер үчүн жылытуучу жай болуп калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: