super.kg logo

Нурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамынан айрылды

 

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев ардактуу сенатор наамынан ажыратылды. Бул тууралуу журналисттерге Сенаттын спикери Маулен Ашымбаев билдирген.

"Болжол менен эки-үч жума мурун биз регламентти кайра карап чыгып, Сенаттын регламентине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, регламенттен ардактуу сенатор деген наамды алып салганбыз. Азыр бизде андай институт жок. Элибиз добуш берди. Июнь айында өткөн референдумда Конституциядан туңгуч президент – Элбасы тууралуу нормалар алынып салынган. Бул элдин чечими", - деген Ашымбаев.

Ашымбаев буга чейин ардактуу сенатор наамы бир гана адамга ыйгарылганын баса белгилеген.

"Ардактуу сенатор" деген наам эми мыйзамда жок. Буга чейин ал бир гана адамга берилген. Азыр мындай наам эч кимге берилбейт. Анткени азыр бизде буга эч кандай мыйзамдуу негиздер жок”, - деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаевге 2019-жылдын 30-майында ардактуу сенатор макамы берилген. Андан бир нече күн өткөндөн кийин ага тиешелүү күбөлүк жана төш белгилер ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: