super.kg logo

Мен көргөн бир күн: Lexus'тан түшкөн бейтааныш 100 доллар сунуп, ыраазычылык айтып калды

 

SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасында бул жолу Бишкек шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Назгүл Жапарова жумуш учурунда эсте калган окуялары менен бөлүшөт.

Назгүл Жапарова "Тазалык" ишканасында иштеп келе жатканына 15 жылдын жүзү болду. Бир кыздын мээримдүү энеси. Ал жумушун ырахат алуу менен жасаарын кеп кылып, тургундар шаар тазалыгын сактаса деген оюн ортого салып өттү.

Алгач иш күнү жумушка түнү саат 03:30да эле барып алып...

"Тазалыкка" киргенден кийинки биринчи иш күнүм болчу. Жумушка саат 03:30да эле барып алгам. Чүй кең көчөсү Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки көчөлөрдү шыпырчумун. Көчөлөрдү тазалап жүрсөм жаш эле жигиттер "Аялдар сатылабы, кайдан сатып алса болот?" деп шакаба чегишкен. Бул учурда ишкананын кароолчусун чакыргам. Ал келгенде балдар качып кетишти. Ушундай күндөр да болуп калат.

Бейтааныш адам 100 доллар берип, ыраазычылык айтты

2012-жылы болчу. Түнкү саат 4:30 чамасында ак түстөгү Лексус үлгүсүндөгү унаа келип токтоп калды. "Чоң кыз, бери келсеңиз" деп чакырып калды. Мен коркуп барбай койдум. Кайра-кайра чакырганынан барсам 100 доллар берип, "сизге Алла ыраазы болсун" деди. Бейтааныш адамга ыраазы болуп кетип калдым. Ал каражатка телевизор алдым, жакындарга чай берип, калганын кайрымдуулукка жумшадым.

Жумуштан сый акы берилген учурда анын канча бир пайызын кайрымдуулук үчүн жумшайм. 5 жылдай болуп калды, жыл сайын мал союп балдар үйүнө жана карылар үйүнө алып барам. Бул нерселерди айтайын деген эмесмин. Сөзгө аралжы болуп айтылып калды. "Тазалыктын" формасын кийип барып кайрымдуулук иштерин жасоо планымда бар. Анткени көпчүлүк көчө шыпырып жүрсө эле байкуш деп ойлойт. Жок, биздин жүрөгүбүз таза.

Калк арасында жакшысы, жаманы дагы болот экен. Кээ бир адамдарды таштанды ыргытканын көрүп алып кой десең ал сенин ишиң, ага айлык алып жатасың дегендер болот. Айрымдар кечирим сурап алып коёт.

Бут кийимим суу, ыйлап баратам...

2018-жылы Жаңы жылды жолдо тосуп калдым. 30-декабрда кар калың жаап, жумуш көп болгон. 31-декабрда көчөлөргө туз сээп, тазалап жүрүп, түнкү саат 23:30 болуп калыптыр. Анан кызматкерлер үйгө тарадык. Ал учурда Турусбеков Жибек жолу жакта жашачумун. Исанов Жибек Жолунан өткөндө саат 12 болуп калды. Бут кийимим суу, ыйлап баратам... 1-январда кайра эле түнү саат 2:30да жумушка чыгып, аянтта эл тараганда келип тазалап баштаганбыз.

Жумушум өзүмө жагат. Азыркы кезге чейин батирде жашайм. Ага дагы шүгүр. Апамды Меккеге алып барсам деген изги тилегим бар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.01.2023. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишиңизге ийгилик! Ден соолукта болуңуз! Силер бар шаарыбыз таза!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: