super.kg logo

Ошто арматура менен сабалып каза болгон жаран: Кылмышка шектелип Женго кармалды (толук маалымат)

 
Ошто арматура менен жаранды сабап өлтүрүүгө шектелип кримтөбөл Кадыр Досонов (Женго) кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бүгүн, 13-январь күнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө орун алган «РСК» банкынын капталындагы аялдаманын аркасында белгисиз атуулдар Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургунунун денесине миздүү курч нерсе менен бир нече оор жаракаттарды келтиришип, ак түстөгү унаа менен изин жашырып качып кетип калышкан. Ошондой эле анын шериги, 1995-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну Н.М. дагы денесинен (өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган) жаракат алып, "Тез жардам" кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Натыйжада Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жай сүрөткө алынып, схемасы чийилип, тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук медициналык экспертизалар дайындалып, учурда шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам иштер уюштурулган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу, ар биринин аты-жөнү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган. Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган. Натыйжада 13-январда бул кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Досонов Кадыр кармалды", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Анын шериктери, бул кылмышка түздөн түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө. Алар:
1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургун.
Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам издөө, тергөө иш чаралары жүрүп жатат. Төмөндө бул кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматы барлар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222-4-82-82 телефону аркылуу байланышса болот.





Видео: Интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.01.2023. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омур бойу шал болгула мыкааачылар . Бир жакшына баланы уруп олтурдунор эми омур бойу зек деген ат мойнунарга илинет. Турмодо туберкулос болуп чирип олосунор Аллахтын каары тийсин мыкаачылар. Элеман сага эмне жок дейм да тренировканы кылып журо бербейт белен бойлорго чыгып эми го.уно киргенин ушул биронун айдай баласын олтурдкн.
13.01.2023. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бляяя нахуй
13.01.2023. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаа бир башына чапканда эле уже эсин жоготту бирок кайра кайра очереддеп уруп жатышканын( журокда жок экен.
14.01.2023. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дженго шакал эки дуйно жарыбай калгыла калган шакалдарын менен . Силерге тарбия берген ата энене налат. Олуп калбай 100 го чыксанар кар болуп откуло кудайым жазанарды берсин. Эркекмин деп жургон шакалдар бироно ошончон ище арматура менен. Арамдар
14.01.2023. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгон баланын бир тугандары оч алгыла жон койбогула арамдарды
14.01.2023. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо: Ушул жанылыкты окуш учун 15минута кетти. улам ойдо ылдый болуп жатат текст. Окуп баштаганда Абдан ынгайсыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: