super.kg logo

Бишкектин четинде балдар үйүнөн өрт чыкты

 

Бишкектин четиндеги балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, кечээ, 13-январда саат 19:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМнын эки өрт өчүрүүчү бөлүмү жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган.

"Мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, толук саат 23:08де өчүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 320 чарчы метр эки кабаттуу балдар үйүнүн чатыры, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.






Бишкектин четинде балдар үйүнөн өрт чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: