super.kg logo

Ошто арматура менен сабалып каза болгон жаран: Кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

 

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон окуя боюнча толук масштабдуу ыкчам-профилактикалык жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындай иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында жана Бишкек шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалыматында айтылат.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоодо турган адамдардын бул кылмышты жана башка оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого катыштыгы бар же жок экендиги текшерилип жатат.

Анын алкагында өткөн суткада Ош гарнизонунун өздүк курамынын жана ага караштуу күчтөрдүн катышуусунда 500дөн ашык унаа текшерилген. Анда 100дөн ашык эреже бузуу протоколдору түзүлүп, 20дан ашык унаа айып жайга киргизилген.

Мындан тышкары, адам өлтүрүүнүн бетин ачуу максатында бир нече даректерге ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, иликтөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн дагы эки адамдын кылмышка тиешеси бар экени аныкталды.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон. Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы үч жаран издөөгө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: