super.kg logo

Жалал-Абадда ири партиядагы акцизделбеген алкоголь табылды

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркаларсыз алкоголдук продукцияны ташыган автомашина аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул факт Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын иш жүзүндө таризделиши боюнча ишкердик субъекттерге карата салык контролунун жүрүшүндө аныкталган. Башкача айтканда, маалыматтык системадан автомашинаны текшерүүдө ЭТТК жок экендиги жана кызматкерлер тарабынан автомашинаны текшерүүдө акциздик маркаларсыз алкоголдук продукцияны ташуу фактысы белгиленген.

Бардыгы болуп 9 миң 720 бирдик "стакандагы" алкоголь тартып алынды.

Товарлары менен автомашина мөөр басылып, айып салынуучу жайга киргизилди. Бузуулардын материалдары облустук прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарын саткан субъекттер 2022-жылдын 15-майынан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө милдеттүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: