super.kg logo

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген дагы бир жаран кармалды (видео)

 

Ош шаарында жасалган кылмышка катыштыгы бар адам Ош облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек аттуу жаран кармалды.

Кылмыш ишин толук ачуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.

Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу.

Бүгүн, 14-январда жогоруда аталган кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөрдүн экөөсү Чүй облусунун аймагынан кармалганы кабарланган.






Кылмышка шектүү дагы бир адам кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.01.2023. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сакалчан ыймандуу кан ичкичтер.
15.01.2023. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женгону кармай берет, женгосу чыга берет алдам олтуро берет. Токтотсонорчу шоунарды. Дагы канча эне баласын жоготуп сыздаш керек. Аткыла. Женго турмодон коркпойт себеби ал жер да буга рай, чучук, казы карта жашоо малина
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: