super.kg logo

Оштогу мыкаачылык: Өлкө боюнча 30дан ашык блокпост коюлду

 

Оштогу мыкаачылык менен адам өлтүрүү жана сабоо боюнча ыкчам комплекстүү иш-чаралар азыркы күндө да күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында айтты.

"Бул кылмыш болгондон кийин ички иштер органдары атайын пландын негизинде республиканын бардык аймактарында кылмышкерлерди кармоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында шектүүлөргө жана алардын жакындарына тинтүү иштери жүргүзүлүп, унаалар текшерүүгө алынды.

Комплекстүү иш-чаралар азыркы күндө да күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Жалпысынан республика аймагында 30дан ашык блокпост коюлуп, анда 8 миңден ашуун унаа текшерилип, 5735 укук бузуулар аныкталды", - деди Абдиев.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.

Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу.

14-январда жогоруда аталган кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөрдүн экөөсү Чүй облусунун аймагынан кармалганы кабарланган. Дагы бир шектүү ушул эле күнү Ош облусунун аймагынан колго түшүрүлгөнү кабарланган. 15-январда дагы бир шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: