super.kg logo
  Саясат  

Олимпиада оюндарын жеңген спортчуларга 10 миллион сом берүү сунушталды

 
Бүгүн, 16-январда “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды.
Тагыраагы, Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Азиялык оюндарында алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш медаль алгандарга 7 миллион сом, коло медаль алгандарга 5 миллион сом берүү сунушталууда. Андан тышкары, спортчунун акчалай сыйакысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30 пайыз, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25 пайыз, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10 пайыз өлчөмүндөгү бир жолку сыйакылар белгиленген.
Талкуу маалында депутат Максатбек Сарбагышев спортчулардын чет өлкөгө чыгып, мелдештерге катышуусуна керектүү каржылык колдоо боюнча да беренени мыйзамда камтый кетүү сунушун берсе, депутат Аида Исатбек кызы каржынын убагында бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу спортчулар эл аралык таймаштарга катыша албай калып жатканын сынга алды.
Ал эми депутат Медер Алиев кылмыш ишине аралашкан спортчулар көп болуп жатканын жүйө келтирип, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Жаныбек Абиров кылмыш иштерине аралашкан спортчуларды бардык наамдарынан ажыратуу маселесин кароону сунуштады.
Ошондой эле жыйында депутаттар сунушталган мыйзам долбоорлорун бириктирүү керектигин айтышып, концепциясын жактырышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: