super.kg logo

Алматыда белгилүү дарыгерди атып кеткен кишиге сот өкүмү чыкты

 

Алматынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык сотунда гастроэнтеролог Юрий Шумковду өлтүргөн деп айыпталгандарга өкүм чыгарылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Шумковдун 36 жаштагы бейтабы Нуржан Турсынбаев бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилди.

Сот ошондой эле Шумковдун жесирине моралдык зыян үчүн 15 миллион теңге төлөп берүү, ошондой эле маркумдун сөөгүн коюуга кеткен 4 миллион 600 миң теңгенин ордун толтуруу чечимин чыгарды.

Гастроэнтеролог Юрий Шумков 4-апрель күнү эртең менен Алматыда унаа токтотуучу жайда өлтүрүлгөн. Киши өлтүргүч аны мылтык менен атып, качып кеткен. Кийинчерк ал Алматыдагы Шанырак кичи районунан кармалган. Кылмыш кылгандыгы үчүн кармалган жаран мурда дарыгерге текшерүү үчүн келген бейтап болуп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: