super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: Балдардын ойлоп табууларынын күнү

 

Балдардын ойлоп табууларынын күнү. Жыл сайын дүйнө жүзүндө 500 миңден ашуун бала жана өспүрүм ар кандай гаджеттер, оюндар, робот жана техниканы ойлоп табышат.

Бул майрамды белгилөөнүн тарыхы америкалык мамлекеттик ишмер, дипломат, окумуштуу, журналист жана ойлоп табуучу Бенжамин Франклиндин туулган күнүнө барып такалат. Ал 12 жашында сууда сүзүү үчүн колго кийилүүчү буюмду (ласты), андан кийин бир катар керектүү нерселерди ойлоп тапкан.

1926-жылы 13 жаштагы америкалык Бенни Бенсон Алясканын мамлекеттик туусунун конкурсуна өзү тарткан эскизди жиберип, жеңишке жетишкен. Ал эми 1930-жылы 16 жаштагы өспүрүм Жорж Ниссен аба гимнасттарынын спорттук оюндарына байкоо жүргүзүп жатып, алардын эл алдында өнөрүн көрсөтүп бүткөн соң торго секиргенин көрүп, кичинекей балдар үчүн батутту ойлоп тапкан. Мындан тышкары манжалары жок кол кап, төрт бурчтук формасындагы кагаз пакеттер жана калькулятор жаш генийлердин ойлоп табууларынын катарына кирет.

Балдардын ойлоп табууларынын күнүндө жаңы ойлоп табуулар элге көрсөтүлүп, сынактар жана сыйлык тапшыруу аземдери өткөрүлөт.

17-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: