super.kg logo

Өзбекстанда аял электр жарыгы үчүн электрикти барымтага алды (видео)

 

Өзбекстанда аял электр жарыгын калыбына келтирүүнү талап кылып, электрикке бычак такап барымтага алды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдиргендей, видео Ташкент облусунда тартылган. Анда 16-январь күнү кечинде шаар тургундарынын бир тобу райондук электр тармактар ​​ишканасынын жергиликтүү филиалынын имаратына келишкен. Диспетчердик пунктта алар үйлөрүнө электр жарыгын берүүнү талап кылышкан.

35 жаштагы аял ашкана бычагын электриктин тамагына такап: "Жарыкты күйгүзөсүңбү же күйгүзбөйсүңбү?" деп сураган.

Электрик укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен бошотулган жана кол салуу учурунда эч кандай жаракат алган эмес. Аталган аялга карата кылмыш иши козголгон. Ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.






Өзбекстанда аял электр жаарыгы үчүн кызматкерди барымтага алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.01.2023. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит экенго ит
18.01.2023. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Азиза опан олуп Азии апасы калгыр! Ушундай жестокий адамдар кацдан чыгат кантип элге аралашып журушот. Уйдо урушуп кетип бир атып урсан бир жон бул чонотогуно бычок салып даярданып чыканын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: