super.kg logo

Жо Байден укук коргоочуну туулган күнү менен ырдап куттуктады (видео)

 

АКШнын президенти Жо Байден туулган күнү менен куттуктап жаткан укук коргоочунун атын унутуп калган видеосун жарыялап, интернетте шылдыңдын объектисине айланды деп жазат Newsweek журналы.

Окуя дүйшөмбү күнү Вашингтондо Мартин Лютер Кинг күнүнө арналган иш-чарада болгон. Америкалык лидер кара терилүү америкалыктардын укугу үчүн атактуу күрөшчү Мартин Лютер Кингдин уулунун жубайы Арндрея Уотерс Кингди туулган күнү менен куттуктап коюуну чечкен.

Басылмалар Байден "Happy Birthday" ырын ырдап жатып, Арндреянын атын айтыш керек болгон маалда "чаташып", бир нерсе деп кобураганын жазышты.

Президенттин видеосу эки миллиондон ашуун көрүлүп, интернетке тарап, көптөгөн колдонуучулар аны шылдыңдаган сүрөттөрүн бөлүшүштү.

Өткөн жылы 80 жашка чыккан Байден АКШнын тарыхындагы эң жашы улуу президент болуп калды.






Байдендин ыры

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.01.2023. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Что за удивление! Атамбаев да ырдап ушкуруп тайрандап журбоду беле, бул дагы куттуктап ырдаптыр, ал деген чуть Майкл Джексонго жеткени калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: