"Оштогу мыкаачылык". Осмонов ЖМКлар мындай окуялардын видеосун чыгарбашы керектигин айтты
Коомдогу мыкаачылык менен мушташкан окуялардын видеосун ЖМКлардын чыгарып жиберүүсү - келечек муундун аң-сезимин талкалайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.
Эл өкүлү мындай окуялардын видеолорун жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялоодон карманышы керек деп эсептейт.
"Ош шаарында орун алган чабышуу боюнча Ички иштер министрлиги келип маалымат берсин. Коомубузда келечек муун үчүн терс көрүнүштөр болууда. Келечек муунда ушундай кылса боло берет экен деген аң-сезим калыптанат. Ошондуктан ИИМ ушуга окшогон иштердин алдын алыш керек эле. Ошондой эле ушуга окшогон жагымсыз окуялар орун алганда ЖМКлар видеосун чыгарганда этияттаса. Себеби аны чыгарып элге маалымат жеткиребиз дегенибиз менен келечек муундун психологиясын сындырып жатабыз. Андай болбойт да", - деди Осмонов.
Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.
Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу. ИИМ кармалган жарандар тууралуу маалымат берген.
Осмонов ЖМКлар мындай окуялардын видеосун чыгарбашы керектигин айтты

