Эл өкүлү Ошто көмүрдүн баасы кымбаттаганын айтты
Бүгүн, 18-январдагы парламенттин жыйынында депутат Айбек Осмонов Ош шаарында көмүрдүн баасы кымбаттап жатканын айтты.
"Кечээ күнү Ош шаарында көмүрдүн баасы 12 сомго чыкты. Жергиликтүү бийликке, Монополияга каршы күрөшүү кызматына байланышка чыгып, кайда карап отурасыңар деп сурадым. Алар Ош облусунун жергиликтүү бийлиги өздөрүн пиар кылгандан бошобой калышты. Кыштын кычыраган суугунда эл менен иштешпейби? Көрүнгөн жерге барса камера менен барып иштеп калды. Эл 12 сомдон (ред.: 1 килограммы) көмүр сатып жаткан жерлерге барышпайбы. Калк көмүр ала албай, электр жарыгы өчүп, жылуулук жок кыйналып жатышат. Ошондой эле Төлөйкөн кичи районунда бир сутка электр жарыгы жок болду", - деди Осмонов.
Эл өкүлү президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго жана төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып, аталган маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
"Урматтуу президенттин өкүлү жана төрага протоколдук тапшырма берип койсоңуз. Мындай болбойт. Республиканын эч бир жеринде көмүрдүн баасы 12 сомго чыккан жок. Жергиликтүү бийлик иштеши керек", - деп кайрылды ал.
Эл өкүлү Ошто көмүрдүн баасы кымбаттаганын айтты





1 |