Кадырбеков Майлуу-Суу шаарындагы кырдаал боюнча комиссия түзүүнү сунуштады
Бүгүн, 18-январда парламенттин кезектеги жыйынында Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарындагы кырдаал тууралуу маселе көтөрүлдү. Белгилүү болгондой, өткөн жумада шаар суусуз жана жылуулуксуз калган. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков ведомстволор аралык комиссия же депутаттык комиссия түзүүнү жана мындай абалдын пайда болушун иликтөөнү сунуштады.
"Өзүңүздөр көрүп жатасыздар бул күндөрү адаттан тышкары суук болуп жатат. Ушундай шартта Майлуу-Суу шаары жылуулуксуз жана суусуз калды. Эми азыр абал бир аз жөндөлүп келе жатат окшойт. Мен биринчиден тегерегиндеги Ноокен жана Аксы районундагы айыл өкмөттөргө ыраазычылык айтам. Кыйын мезгилде жөн калтырбай, суусунан бери алып келип жардам берди. Элибиздин биримдигине чоң рахмат. Дагы бир маселе ведомстволор аралык комиссия же депутаттык комиссия түзүп эмне себептен мындай абал пайда болгонун иликтөөнү сунуштайт элем", - деди эл өкүлү.
Ал эми төрага Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасына жана орун басарына кайрылганын билдирди. Белгилүү болгондой, эртең, 19-январда парламентте энергосектордогу кырдаал боюнча Энергетика министрлигинин маалыматы угулмай болду.
Эскерте кетсек, 12-январда сууктан улам Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу суу каналдын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. №1, 3, 4 отказанда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Мындан улам шаарга 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.
Кадырбеков Майлуу-Суу шаарындагы кырдаал боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

