Украинанын ички иштер министри Киевдин жанына кулаган тик учактан каза болду



Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский жана анын биринчи орун басары Евгений Йенин Киевдин жанында тик учактын кулашынан каза болушту. Бул тууралуу Украинанын Улуттук полициясынын Telegram каналына жарыяланды.
"Учак кырсыгынын кесепетинен Ички иштер министрлигинин жетекчилиги: министр, биринчи орун басары, статс-катчы каза болду", - деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын кесепетинен 18 адам, анын ичинде 3 бала жана учкуч каза болгон. Ошондой эле 29 адам, анын ичинде 15 жаш бала жарадар болду. Бардык жарадарлар ооруканага жаткырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.