super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 10-декабрда санариптик телеберүүгө өтүү боюнча мыйзамдарды өзгөртүү маселеси талкууланат

 
Бишкекте эртең, 10-декабрда Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүүгө байланыштуу мыйзамдарды өзгөртүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу уюштуруу тобунун өкүлдөрү, бүгүн 9-декабрда кабарлады.
Маалыматка караганда, бул талкуу “Алтын ажыдаар” мейманканасында саат 09:30да башталат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Маданият, маалымат жана туризм менен КРнын Транспорт жана коммуникация министрликтеринин өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын жана телерадиокомпаниялардын кызматкерлери катышат. Жолугушууда КРнын “Лицензиялык уруксат берүү системи жөнүндө”, “Электр жана почта байланыштары жөнүндө”, “Телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу талкуу болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: